Жалал-Абадда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн жана имамдарды окутуу курстары башталды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июлундагы №315-р буйругу менен бекитилген “2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планынын”  3.3, 5.12 пунктарында жана 2019-жылга карата биргелешкен беш тараптуу иш-чараларынын планында Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал, динге байланышкан  актуалдуу маселелер, экстремизм жана радикализмдин алдын алуу, борбордук, жергиликтүү бийлик органдарынын жана диний уюмдардын кызматташуусун жандандыруу боюнча окутуу курстары уюштурулуп, бүгүн алгачкы жумушун Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында болуп өттү.

Окутуу курска негизинен райондук администрациянын кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары, укук коргоо органдары, билим берүү системасынын өкүлдөрү, дин кызматкерлери, имамдар, ДИМКтин Жалал-Абад облусундагы өкүлү, медициналык тармактын өкүлдөрү жана жергиликтүү жаштар, аксакалдар, аялдар комитеттери катышууда.

 

Окуу курстарын өткөрүүнүн ГРАФИГИ (райадминистрацияларда өтөт)

Өткөрүү жайы, кызматкерлер

Өткөрүү датасы
1 Сузак  району (Сузак айылы)

 

01.04.2019-жыл
2 Базар-Коргон району  (Базар-Коргон айылы)

 

03.04.2019-жыл
3 Ноокен району  (Масы айылы)

 

 

05.04.2019-жыл
4 Ала-Бука району  (Ала-Бука айылы)

 

 

09.04.2019-жыл
5 Токтогул району (Токтогул шаары)

 

 

11.04.2019-жыл
6 Аксы  району  (Кербен шаары)

 

 

15.04.2019-жыл
7 Таш-Көмүр шаары

 

 

17.04.2019-жыл