Караколдо «Балдар биздин келечегибиз. Терроризмге, суицидке жана кылмыштуулукка жол жок» аталыштагы форум өттү

Каракол шаарында «Балдар биздин келечегибиз. Терроризмге, суицидке жана кылмыштуулукка жол жок»  аталыштагы форум болуп өттү.  Форум, ата-эненин балага болгон мамилесин жана илимсиздик, жакырчылык, миграция көрүнүштөрүнүн коомчулукка тийгизген терс таасирин кенен чагылдырылган кыскача видео тасма менен башталып, андан соң  облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков терроризм жана экстремизмдин алдын алуу туурасында маалымат берди.

Ал эми  Ысык-Көл облустук ички иштер ьашкармалыгынын башчысы У.К Асанбаев жаш өспүрүмдор арасындагы талап-тоноочулук, суицид сыяктуу актуалдуу маселелерге токтолуп, ата-эненин орду бала үчүн биринчи орунда тураарын баса белгиледи.

Форум алкагында элди ыймандуулукка чакырып, ар кандай терс агымдардын алдын алуу максатында биргеликте коомчулук менен тыгыз байланышта иш алып келе жаткандыгы үчүн облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков, Ак-Суу районунун баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахманов жана Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат Сейталиев ОИИБтин ардак грамотасы  менен сыйланышты.