Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасы шейх Равиль Гайнуддин менен жолугушту

Бүгүн, 1-апрелде Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Орусия Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасы шейх Равиль Гайнуддин менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда Дин Башкармалыктар аралык кызматташууну бекемдөө жана келечекте Орусия аймагында эмгектенип жүргөн мекендештерибизге Ханафий мазхабы, Матурудий айкыйдасы, адал эмгектенүү, ата-энени сыйлоо, үй-бүлө институтун бекемдөө, улууларды урматтап, балдарды ар кандай зомбулуктардан, терс диний агымдардан оолак кылуу темаларында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү талкуулашты.

Ошондой эле тараптар дин кызматкерлери ортосундагы тажрыйба алмашуу, имамдардын билимин жогорулатуу жаатында дагы сүйлөшүштү.