Токтогулда «Тазалык — ден соолукка өбөлгө» аталыштагы тегерек стол өттү

Токтогул районунун санитардык-эпидемиологиялык станциянын жыйындар залында райондун баш имам хатиби, дарыгерлер, мектеп мүдүрлөрү жана оорукана башчыларынын катышуусунда «Тазалык- ден соолукка өбөлгө» аттуу тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун жүрүшүндө балдардын саламаттыгына, айрыкча айыл жергесинде жайгашкан  мектептердин айлана-чөйрө тазалыгына көңүл буруусу жана жугуштуу оорулардын алдын алуу маселелери талкууланды.