Баткен облусунун казысы Кыргыз эл Ассамблеясынын 25 жылдык салтанатына катышты

Баткенде Кыргыз эл Ассамблеянын 25 жылдыгына арналган конференцияга өтүп, ага мекеме ишканалардын жетекчилери, дин кызматкерлери  облустун аймагындагы диаспора өкүлдөрү катышып, улуттар аралык ынтымак, биримдикке багытталган докладдар окулду.

Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов Ислам дининин баалуулуктарын айтып, Ислам дини улут-уруу болуп бөлүнүүдөн алыс болууга  чакыра тургандыгын, мусулман башка бир мусулманга бир тууган экендигин айтып, мекенди сүйүп,  ынтымакта жашоого чакырды.

Белгилей кетсек, Баткен облусундагы улуттар аралык биримдикти чыңдоо жана ар улуттун улуттук баалуулуктарын даңазалоо максатында Баткен облустук казыяты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен тыгыз кызматташып келет.