Балыкчы шаарында имамдар үчүн “Медиа сабаттуулук” аталышындагы семинар өттү

Балыкчы шаарындагы «Сары-Ой» мейманканасынын жыйындар залында КМДБ тарабынан имамдар үчүн “Медиа сабаттуулук” аталышта бир күндүк семинар уюштурулуп, Тоң, Ысык-Көл райондорунан жана Балыкчы шаарынан 20 имам катышты.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов имамдарга сабак өтүп, маалымат чөйрөсүндөгү сабаттуулук, терс диний агымдардын азгырыктарынан сактануу жана коомчулукка туура маалымат жеткирүү маселелери боюнча маалыматтарды берди.

Семинарга Балыкчы шаарынын баш имам хатиби Чойбек ажы Исакунов, КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын аналитикалык бөлүмүнүн жетекчиси Гүлназ Исаева, медиа-коммуникация боюнча адис Икбол Исаков катышты.