Муфтият Чүй облусундагы диний окуу жайларды текшере баштады

Чүй облусундагы диний окуу жайлардын билим берүү сапатын, мекемелердин ал абалдарын аныктоо максатында мониторинг жасоо комиссиясы түзүлүп, Москва, Панфилов жана Жайыл районундагы диний окуу жайлар текшерилди.

Комиссия мүчөлөрүнө КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешев жетектеген диний окуу жайлар бөлүмүнүн кызматкерлери, казынын орун басары, казыяттын окуу бөлүмүнүн адиси жана райондун баш имам хатибдери киришкен.

«Бул үч райондогу текшерүү иштери эки күнгө созулуп, жогоруда аталган райондордогу бардык диний окуу жайлар текшерүүдөн өттү. Текшерүү учурунда окуу жайлардын ал абалы, окутуу программасы, мугалимдердин жана окуучулардын тиешелүү документтери каралды. Иш чаранын аягында жалпы окуу жайларга баа берилип, айрымдары эскертүү алды», — деди казыяттын окуу бөлүмүнүн адиси Инхамали Эгембердиев.