Чүй облусунун имамдары «Медиа сабаттуулук» боюнча маалымат алышты

Чүй областынын  Чүй району жана Токмок шаарынын имамдарына «Медиа сабаттуулук» аталышындагы семинар өтүп, анын алкагында дин кызматкерлери социалдык тармактардагы азгырыктарга бөгөт кою жана алардын алдын алуу, маалымат каражаттарын максаттуу колдонуу боюнча өздөрүнүн тажрыйбаларын жогорулатышты.

«Семинар жалпы имамдарга өтө пайдалуу болду. Интернет тармагы аркылуу азгырыктар кантип башталат, алардан кантип сак боло алабыз жана ушуга тиешелүү өтө кенен маалымат алдык. Бул семинар имамдарга эле эмес, жалпы журтубузга да абдан керек экен. Интернет аркылуу канчалаган жарандарыбыз алданып, ар кандай терс жагдайларга дуушар болууда. Эми ушундай семинарлар көп-көп уюштурулса жаштарыбыз интернет аркылуу ар кандай азгырыктарга алданбайт деп ишенем»,-деди Чүй районунун баш имам хатиби Сапарали ажы Акбаев.

Аталган семинар Токмок шаарынын «Бурана» мейманканасында өтүп, семинарга КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, ДИМКтин анализдөө бөлүмүнүн башчысы Гульназ Исаева, Икбол Исаков катышты.