Ажы башчылыкка каттоо бүгүн, 4-апрелде башталды. (Талаптар)

Ажыларды коштоп баруучу ажы башчыларды каттоого алуу бүгүн, 4-апрелден 19-апрель, саат 17:00 чейин облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттардагы ажыларды серверге каттоочу операторлор тарабынан жүргүзүлөт.

2019-жылдагы ажы башчылыкка талапкерлерди тандап алуу 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын чечими менен “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинде өткөрүлүп, болочок ажы башчылар шарияттагы ажылык маселелери боюнча өз күчтөрүн сынап көрүшөт. Тесттен ийгиликтүү өткөндөрдүн саны ажы башчылыкка берилген квотадан ашып кеткен учурда баарлашуу аркылуу ажы башчылыкка тандалып алынат.

ТАЛАПТАР:

 

  1. Ажы башчылыкка талапкерлерди каттоо тартиби биометрикалык ID-паспорттун негизинде жүргүзүлөт.
  2. Талапкердин өз колу менен Азирети Муфтийге жазылган арызы.
  3. Талапкердин резюмеси.
  4. КМДБнын түзүмүндөгү дин кызматкери катары иштеп жаткандыгы туралуу маалым кат же буйрук; (Буйрук 2019-жылдын 10-мартына чейин чыгарылган болуусу шарт. 2019-жылдын 11- мартынан кийин берилген буйруктар ажы башчылыкка кабыл алынбайт).
  5. Ажы башчылыкка талапкер кызмат өтөгөн аймакта жумуш ордуна бекиткен буйругунун негизинде тийиштүү казыяттын эсебинде каттоого алынат.
  6. Биометрикалык ID-паспорттун көчүрмөсү;
  7. Тышкы жарандык паспортунун көчүрмөсү (биометрикалык жана тышкы паспорттордун көчүрмөсү бир баракта болуусу шарт);
  8. 3х4 көлөмүндөгү 4 даана сүрөт; Сүрөт түстүү, ак фондо, матовой кагазда болуусу шарт (Ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт).
  9. Ажы башчылыкка талапкерлерден КРнын Ички Иштер Министрлигинин Маалымат Борборунан соттолбогондугу тууралуу (аныктама) маалым кат талап кылынат.
  10. Ажы башчылыкка талапкер, ажылык парзын өтөгөн же умрага барган болуусу шарт; (Ажылык визасынын көчүрмөсү, эгерде паспортун жаңылаган болсо казыяттан ажылык парзын өтөгөн же умрага баргандыгы тууралуу аныктама талап кылынат).
  11. 2018-жылы ажы башчы болгон талапкерлер 2019-жылдагы тандоого катыша алышпайт;
  12. Ажы башчылыкка талапкерлердин жашы 55 (элүү беш) жаштан ашпоого тийиш;
  13. Маалымат технологияларын өздөштүрө билүүсү шарт (өзгөчө: word, excel ж.б.).
  14. Ажы башчылыкка талапкерлерден Республикалык Психоневрологиялык жана Кожвендиспансерден учетто турбагандыгы тууралуу маалым кат талап кылынат.
  15. Ажы башчылыкка талапкерлердин иш кагаздарын казыяттардын алдындагы жооптуу операторлор кабыл алат.
  16. Ар бир талапкерден өзүнө тиешелүү болгон жергиликтүү казыяттардан ажы башчылыкка сунуштоо аныктама талап кылынат.
  17. Ажылыкта зыярат кылуучу жайлардын диндеги ордун (ажылык маселесин) жакшы билип, сынак тапшыруусу;
  18. Араб тилин билүүсү;
  19. Уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү;
  20. Сауд Араб Падышалыгы тарабынан же САПтын ажылык базасынан (Масар электрония), виза алуу учурларда, мурда ажыга барган ажы башчылыкка талапкерлерге кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажы башчылыкка талапкер өзү төлөйт (Бул маалыматты операторлор, мурда ажыга  барган ар бир ажы башчыга  тааныштырып, каттоого алат).

Эскертүү: Жогорудагы талаптар өзгөртүлсө кошумча билдирилет.

Ажы башчылык боюнча суроолорго жооп алуу үчүн:  0(312) 48-61-67, 0778/558/708 48-61-67.