Ош шаарындагы №17 Ю.Гагарин атындагы мектептин окуучулары «Адептүү адам, абийир табат» аттуу лекциялык сабакка катышышты

Ош шаарынын Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Мырза каары Осмонов окуучулардын адеп-аклагын жогорулатуу максатында №17 Ю.А.Гагарин мектебинде “Адептүү адам, абийир табат” деген темадагы лекциясын окуп берди.

« Ата-бабаларыбыз бекеринен абийириңди жашыңдан сакта, адеби жок жигит, жүгөнү жок атка окшош, деп айтышпаса керек. Адепти адепсизди көрүп үйрөнөлү, башкаларга үлгү бололу»,- деди Мырза каары Осмонов. 

Лекция суроо-жооп менен коштолуп, жоопту мыкты берген окуучуларга сыйлыктар тапшырылды.