Чүй казыяты ак кандуулук оорусунан жабыркаган 11 жаштагы Аделинага 37 миң сом акчалай жардам көрсөттү

Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагуловдун демилгеси менен Чүй районунун 11 жаштагы тургуну Аделина Усеналиевага 37 миң сом акчалай жардам берилди. Каражат Чүй аймагындагы мечиттерден чогулган.

«Аделина ак кандуулук оорусу менен ооруп, Казакстан Республикасынын Алмата шаарында тез аранын ичинде даарыланууга тийиш экен. Даарылануу үчүн ири суммадагы каражат талап кылынгандыктан казыят Чүй аймагындагы мечиттерге жарыя кылып, жалпы элибиздин жардамы менен 37000 сом чогулду»,-деди казыяттын иш башкармалык бөлүмүнүн башчысы Кубан ажы Бекешов.

11 жаштагы Аделина учурда шаардагы ооруканалардын бириндеги реанимацияда жаткандыгына байланыштуу акча каражаты Аделинанын атасы Сталбек Усеналиевке тапшырылды.