Степной айылынын имамы мечит жамааты менен биргеликте Хадижа Назарованын үйүндөгү суу түтүктөрүн жаңылап беришти

Жайыл районун Степной айылынын имамы Магамед Шамырзаев бул жолу мечит жамааты менен биргеликте аталган айыл тургуну Хадижа Назаровага көмөк көрсөтүшүп, үйгө кирчү  суунун түтүктөрүн өз калыбына келтиришти.

Кыштын ызгаарында суу түткүтөрү жарылып кеткендиктен Хадижа Назарова бир топ кыйынчылык тарткан. Ал эми мечит жамааты суу өтүүчү бардык түткүтөрдү кайрадан казып, бардыгын жаңылашкан.

«Жакшылыктын сыйлыгы – бул бир гана жакшылык. Ислам дини камкордуктун, боорукерликтин дини экенин сөз менен эле эмес, иш менен да көрсөтүп жеткирүү керек. Мына ушунун негизинде айылдагы жардамга муктаж болгондорго колубуздан келишинче колдоо көрсөтүп жатабыз» — деди айыл имамы Магамед Шамырзаев.