Лейлектеги имамдарга сабактар уюштурула баштады

Лейлек районунун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшөев Коргон айлылына барып, Катраң жана Лейлек айыл өкмөтүнүн имамдары менен жолугушту. Жолугушууда имамдар баш имам хатибдин аткарып жаткан  иштеринен маалыматтарды угушуп, элден түшкөн ар түрдүү суроолорго жооп алышты. Жыйындын акырында акыйда, фикх сабактарынан имамдар үчүн  сабак башталып, мындан аркы аткарылуучу иштер пландалды.