Жалал-Абад казыяты тарабынан демилгеленген диний окуу жайлар арасындагы көчмө семинар «Биби Рабия» медресесинде өттү

Диний окуу жайлардагы мугалимдердин сабак берүү чеберчилигин өстүрүү, жоопкерчиликти күчөтүү, окуучулардын билим сапатын көтөрүү, инновациялык жана интерактивдик сабак өтүүнүн ыкмаларын жайылтуу максатында Жалал-Абад казыяты тарабынан демилгеленген III-көчмө семинар Сузак районундагы «Биби Рабия» кыз-келиндер медресесинде уюштурулду. Семинарга казыят кызматкерлери, облус аймагындагы бардык диний окуу жайлардагы Куран сабагынан берген мугалимдер, уюштуруучулар  жана аталган окуу жайдын студенттери катышты.

Ачык сабак Куран сабагы боюнча өтүлсө, ал эми  класстан тышкаркы  иш чара боюнча “Аял заты ким?” деген теманын алкагында дебат уюштурулду.  Куран сабагы ачык сабактын талабына ылайык өтүлүп, окуучулар өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү. Ал эми “Аял заты ким?” деген теманын алкагындагы дебатта аялзат ким? Аялдын укуктары жана жоопкерчиликтери, аял менен эркектин укугу тууралуу  талкуу жүргүзүлүп, аялзатына байланышкан аяттар, хадистер айтылды.

“Дебаттын жүрүшүндө жогорудагы суроолордун алкагында мугалим тарабынан атайы репортаж даярдалып, катышуучуларга тартууланып, ортого суроолор ташталды. Бул дебаттагылардын кызыгуусун арттырды”,-деди казыяттын маалымат кызматынан.

Иш чаранын соңунда мугалимдер ачык сабакка жана дебаттын жүрүшү боюнча анализ беришип, кемчиликтерди жана жетишкендиктерди айтышты. Муну менен катар сабакты жакшыртуу максатында  сунуштарын беришип, иш чаранын жүрүшү тууралуу сунуш-пикирлерин билдиришти. Ал эми көчмө семинардын жыйынтыгында ачык сабакка “эң жакшы”, дебаттын өтүлүшүнө “жакшы” деген баа берилди.

Муну менен катар диний окуу жайларда ишембиликти активдүү жүргүзүү керектиги баса белгиленип, буга чейинки өткөрүлгөн олимпиада боюнча анализ жүргүзүлдү.