Аиша Сиддика медресесинде “Таза китеп” жумалыгы өттү

Аиша Сиддика медресесинде “Таза китеп” жумалыгы уюштурулуп, курстар арасында сынак жарыяланган. Сынак алкагында түзүлгөн атайын комиссия тарабынан колдонмо китептердин таза кармалгандыгын, тышталгандыгын, оңдоп-түзөөлөрү кылдаттык менен текшерилди. Сынактын жыйынтыгында 1В курсу жумалыкта активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн 1-орунга ээ болуп, Аиша Сиддика медресесинин администрациясы тарабынан “Ардак грамота” менен сыйланышты. Аталган курстун куратору Норалиева Лоланын айтымында мындан ары ар бир студенттин окуу куралына көӊүл бурулуп, текшерүү жүргүзүп турмакчы.