Аалымдар Кеңеши тармактык маркетинг (Сетевой маркетинг), пластикалык операция жана эмдөө боюнча фатва чыгарды

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин  VI чакырылышынын 7-протоколдук жыйынынын чечиминин негизинде тармактык маркетинг (Сетевой маркетинг), пластикалык операция жана эмдөө боюнча фатва чыкты.

Фатва толугу менен берилет.

 

ТАРМАКТЫК МАРКЕТИНГ

 

بسم الله الرحمن الرحيم

КЫРГЫЗСТАН МУСУЛМАНДАРЫНЫН ААЛЫМДАР КЕҢЕШИ

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин

VI чакырылышынын 7-протоколдук жыйынынын чечиминин негизинде

Тармактык маркетинг жөнүндө төмөндөгүдөй фатва чыгарат:

05  ФАТВА

الحمد لله رب العالمين، والصلاة والسلام على رسول الله صلى الله عليه وسلم، وعلى آله وصحبه أجمعين. أما بعد:

 

Шарият бизнес жүргүзүүнүн белгилүү эреже-нормаларын бекиткен. Андыктан кандай гана соода-‎сатык, ижара, каржылык операциялары, келишимдер болбосун, булардын бардык түрлөрү шарият белгилеген эрежелерге ылайык жүргүзүлүүсү керек. Эгерде булар (соода-сатык, ижара, келишим ж.б.у.с.) шариятка ылайык келбей турган болсо, ал адал болуп эсептелбейт ‎жана андан түшкөн пайда адал эмес болот.

Тармактык маркетинг же көп деңгээлдүү тармактык маркетинг – бул товар жөнүндө ‎жана бизнеске башка агенттерди тартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат ‎таркатуучу, ошондой эле продукцияны сатуудан киреше, жаңы кардарларды жана ‎агенттерди тарткандыгы үчүн сатуу көлөмдөрүнөн бонустарды жана ошондой ‎эле анын агенттери бөлөк агенттерди тартуудан бонустарды алуучу, көз ‎карандысыз сатуу агенттеринен көп деңгээлдеги түзүлүштү түзүүнү талап ‎кылуучу, товарларды жана кызматтарды түз сатуу жолу аркылуу иш жүзүнө ‎ашыруунун тармактык концепциясы.‎

Тармактык маркетингде анын бардык түрлөрү (линейный, ступенчатый, матричный, бинарный, смешанный ж.б.) менен төмөндөгүдөй шариаттык эрежелерге дал келбестиктер себебинен тыюуу салынат (арам):

‎1. Гарар – белгисиздик, тобокел коркунучу. Эң оболу акча салымын кошкон тармактык маркетингдин кызматкери иш акысын алууга керектүү ‎кардарларды чогултаарын болжолдой албайт жана бериле турган акысы да ‎канча болоорун билбейт жана ал акынын деги эле болоору да эч белгисиз. ‎Агенттин керексиз товар үчүн, же болбосо жаңы агенттерди тартуу ‎мүмкүнчүлүгү жана киреше алуу үчүн берип койгон акчасын жоготуу сыяктуу тобокелчиликке дуушар болот.

Курани Каримде Алла Таала минтип айткан:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ إِنَّمَا الْخَمْرُ وَالْمَيْسِرُ وَالأَنصَابُ وَالأَزْلاَمُ رِجْسٌ مِّنْ عَمَلِ الشَّيْطَانِ فَاجْتَنِبُوهُ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ {المائدة/90}

«Оо, ыйман келтиргендер! Адамды мас кылган (акылына ‎зыян берген) ‎ичимдик (анын бардык түрү), кумар (оюндары жана ойноо), сыйынуу үчүн орнотулган балбал таштар (таш-буркандар, бут-‎сөлөкөттөр) жана да жебе менен төлгө тартуу – шайтандын ыплас (арам) иштеринен. (Демек,) мына ушулардан оолак болгула! Балким, ошондо (тозоктон ‎кутулуп) ийгиликке жетээрсиңер». (Маида сүрөсү, 5/90).‎

‎2. Келишимде сүткорлуктун (рибанын) болуусу. Андан да өткөнү, сатуунун ‎бул түрүндө сүткорлуктун эки түрү орун алган: акчага акча мөөнөтүн узартуу ‎жана үстүнө кошуп берүү. Мындай аныктаманын мааниси, мындай ‎келишимге катышуунун максаты бөлөк кардарларды тартуу менен акы алуу. ‎Катышуучу белгилүү сандагы кардарды тартканда жана компаниянын ‎шарттарын аткарганда ал өзү салым катары кошкон акчадан азыраак же ‎көбүрөөк акысын алат. Жөнөкөй тил менен айтканда, ар бир катышуучу ‎келечекте киреше алуу үчүн кандайдыр бир сумманы төлөп берет, ал эми товар ‎деген болсо бул шылтоо, мындай компания менен иштеп жаткан адамдын ‎максаты соода эмес. Башкача айтканда, товар келишимдин формалдуу бөлүгү гана. ‎Эгер катышуучу шарттарды аткара албай калса, ал берген акчасын жоготот. ‎Мындай шарт бул сыяктуу келишимдерди кумар келишимдеринин жана ‎натыйжасы белгисиз (гарар) келишимдеринин категориясына кошот. Ал эми шариятта мындай иш-аракетке тыюу салынган.‎

‎3. Товарды жүгүртүү кыймылынын жоктугу. Анткени, тармактык ‎маркетингдин негизги максаты жаңы кардарларды / дистрибьюторлорду тартуу, ‎алардын эсебинен биринчи дистирбьюторлорго кирешелерди төлөп берүү үчүн. ‎Пирамидалык түрдөгү тармактык маркетингдин кээ бир схемалары кызматкерлерден продукцияны сатууларын талап ‎кылбай эле, мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарды каттап жана тартууларын ‎талап кылат. Ар бир жаңы катышуучунун келүүсү менен кызматкер “жаңы ‎катышуучунун” төлөмүнүн бөлүгүн алат. Мындай схема тыюу салынган ‎сүткорлук болуп эсептелет. Анткени келечектеги көбүрөөк акча үчүн ‎азыркы учурга көбүрөөк акча тартылып жатат. ‎

… ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَالُواْ إِنَّمَا الْبَيْعُ مِثْلُ الرِّبَا وَأَحَلَّ اللهُ الْبَيْعَ وَحَرَّمَ الرِّبَا … {البقرة/275}

«Бул алардын: «Соода деле сүткорлук сыяктуу» деген сөздөрү үчүн (жаза!). Алла Таала сооданы адал, сүткорлукту арам кылган». (Бакара сүрөсү, 2/275).

‏يَمْحَقُ اللهُ الْرِّبَا وَيُرْبِي الصَّدَقَاتِ وَاللهُ لاَ يُحِبُّ كُلَّ كَفَّارٍ أَثِيمٍ {البقرة/276}

«Алла Таала сүткорлукту(н пайдасын) жок кылып, садакаларды(н пайдасын) арттырат. Алла Таала ар бир күнөөкөр каапырды жакшы көрбөйт». (Бакара сүрөсү, 2/276).

‏يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ اتَّقُواْ اللهَ وَذَرُواْ مَا بَقِيَ مِنَ الرِّبَا إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ {278} فَإِن لَّمْ ‏تَفْعَلُواْ فَأْذَنُواْ بِحَرْبٍ مِّنَ اللهِ وَرَسُولِهِ … {البقرة/279}

«Оо, ыйман келтиргендер! Алла Тааладан корккула жана эгер ыймандуулардан болсоңор, сүткорлуктан калган нерсеңерди таштагыла. Эгер андай кылбасаңар, Алла Таала жана анын Элчиси тарабынан (силерге каршы жарыялана турган) согушту билип койгула!..» (Бакара сүрөсү, 2/278-279).

‎4. Бир келишимде эки келишимдин болуусу. Эгерде  тармактык маркетинг ‎салттуу соодага таандык болсо, бул учурда анда эки бири-бирине байланышкан ‎келишим болот. Пайгамбарыбыздын (ﷺ) хадисинде минтип айтылат: “Алла Тааланын Элчиси бирөө менен эки келишимди билдирген макулдашууга тыюу салган”. (Имам Ахмаддын Муснады). Эгерде бул алуу сатуу болсо, анда шарты ‎компанияга ортомчу (сатуу агенти) болуп кирүү болот. Ал эми эгерде бул ‎ортомчулук болсо, анда шарты компаниядан белгилүү суммага товар сатып ‎алуу болот. Бул болсо, бирөөндөгү эки келишим (алуу-сатуу жана ортомчулук) болуп ‎эсептелет. Анткени мындай шарт келишимде бир тарапка гана артыкчылык ‎бергендиктен, шарият мындай келишимге тыюу салат.

‎‎5. Жаңы кызматкерлерди тартуу үчүн жана ошондой эле жаңы ‎кызматкерлердин кийинки кызматкерлерди тартуулары үчүн акы (комиссионный) алуу. ‎Биринчилердин комиссиясы тармактагы “төмөнкү деңгээлде” турган ‎кызматкерлердин эсебинен камсыздалат. Бул Ислам аалымдарынын пикиринде, ‎бирөөнүн менчигиндеги мүлктү адилетсиздик жол менен менчиткеп алуу ‎категориясына кирет жана анда аныкталбагандыктын элементтери бар. Демилгесиз ‎деп аталуучу кирешени алуу максатында, көп деңгээлдеги түзүлүштөрдү түзүү. ‎Мындай учурда кызматкер кылбаган нерсеси үчүн киреше алат. Шариятта ‎ишкердиктин мындай түрүнө уруксат берилбейт. Анткени бул материалдык ‎каражаттарды адилетсиз жол менен ээлеп алуу болуп эсептелет.

‎6. Маани-маңызы мүчөлүк акы (взнос) болуп эсептелген жогорулатылган баа. Кээ ‎бир товарлар жана кызматтар пирамидалык түрдөгү тармактары аркылуу мындай компаниялардын ‎жогорку кирешеге ээ болуусу жана дистрибьюторлоруна комиссиялык акы төлөп ‎берүүгө жөндөмдүү болуусу үчүн жогорулатылган баада сатылат. Мындайча ‎айтканда, компания өзүнүн негизги кирешесин сатуу агенттери тарткан жаңы ‎кызматкерлердин мүчөлүк акыларынын (взносторунун) эсебинен топтойт. Бул тажрыйба маани-‎маңызы сүткорлук болуп эсептелген каржы пирамидасына окшошуп кетет.‎

‎7. Кээ бир компаниялар, албетте баары эмес, жарыя кылган сапатына ‎ылайык келбеген товарларды сунуш кылышат. Сатылуучу товарлар, катышуучулар ‎жана пайдалануучулар үчүн материалдык артыкчылыкка ээ болуш керек. ‎Ошондуктан жарыяланган сапаттарына жооп бербеген төмөнкү сапаттагы ‎товарлар, каржылык пирамиданы жабуу каражаты катары каралат. ‎Тармактык маркетингде тармак жаңы мүчөлүк жыйымдардан жогорку кирешени ‎табууга жөндөмдүү болуп курулат. Ошондуктан, аларга жаңы кардарларды жана ‎агенттерди тартуу максатында товардын сапатын кооз кылып көрсөтүүгө туура ‎келет. Бул болсо анык алдоо болуп эсептелет.

‎8. Көп учурда пирамидалык түрдөгү тармактык маркетинг компанияларында сый акыларын кепилдеген сатуунун белгилүү көлөмүн бекитишет. Бекитилген натыйжага ‎жетишпей калуу, кээде кызматташууну токтотууга себепкер болуп калат. Шариятта ‎жумуштун мындай түрү кызматкердин укугуна кысым көрсөтүү болуп эсептелет. ‎

‎9. Кээ бир компаниялар сыйлыктарды алуу үчүн катышуучулардын ‎минималдуу санын тартууну шарт кылышат. Эгерде кызматкер шарт кылынган ‎сандагы катышуучуларды тартып келе албай калса, анда ал эч нерсе албай калат. ‎Аалымдардын пикиринде, төлөп берүүнүн мындай схемасы дагы шарияттын ‎эрежелерине карама-каршы келет.‎

 

‎ПЛАСТИКАЛЫК ОПЕРАЦИЯ

06  ФАТВА

                                                                     الحمد لله رب العالمين، والصلاة والسلام على رسول الله صلى الله عليه وسلم، وعلى آله وصحبه أجمعين. أما بعد:

 Пластикалык хирургия адамдын денесинин кайсы бир органындагы, ‎тканындагы же дененин үстүндөгү өзгөрүүлөрдү, майыптыкты кетирүү ‎үчүн оперативдүү кийлигишүү жүргүзгөн хирургиянын бөлүмү.‎

Пластикалык операцияларды реконструктивдүү жана эстетикалык ‎деп эки негизги түргө бөлүүгө болот.‎

Реконструктивдүү пластикалык операция ткандардагы жана ‎органдардагы өзгөрүүлөрдү, майыптыктарды, тубаса кемчиликтерди ‎кетирүү үчүн жана алардын табигый функцияларын пластикалык ‎хирургиянын ыкмалары аркылуу калыбына келтирүү максатында жүргүзүлөт. ‎Мындай операциялар кырсыктын, оорунун кесепетинен дене жаракатын ‎алган же тубаса майыптыгы бар адамдарга жүргүзүлөт. Ийгиликтүү ‎жүргүзүлгөн реконструктивдүү операция бул адамдагы майыптыкты ‎кетирүү менен соо адамдардын арасында сезилүүчү ыңгайсыздыктан ‎кутултуп, толук кандуу жашоо менен жашоого өбөлгө түзөт.‎

Эстетикалык пластикалык операциялар бул сырткы келбетти ‎жакшыртуу максатында пластикалык хирургиянын ыкмаларын ‎колдонуу. Операциялардын бул түрү жаштыкты узартууга, өзүндө ‎каалаган сулуулукту сезүүгө мүмкүнчүлүк берет жана ошондой эле өзүндө ‎болгон же ою менен чыгарып алган кемчиликтерден кутулууга жардам ‎берет.‎

Ислам шарияты дене бөлуктөрүндөгү кемчиликтерди, ткандардагы ‎жана органдардагы  майыптыктарды кетирүүгө уруксат берет. Мындай ‎учурда адам өзүнүн табигый келбетин өзгөрпөйт. Бирок дененин ‎кемтигин жана майыптыгын кетирет же анын табигый функцияларын ‎калыбына келтирет.

Бул тууралуу куттуу хадистердин биринде минтип айтылган:

Арфажа бин Асад кайсы ‎бир салгылашта мурдунан айрылат да кийинчерээк күмүштү колдонуу ‎менен аны калыбына келтирип алат (жасалма мурун катары колдонот). Бирок, бир канча убакыт  өткөн соң ‎анын мурдунан сасык жыт чыга баштайт. Ал бул жөнүндө Алла Тааланын ‎Элчисине (ﷺ) даттанган соң, ‎Пайгамбарыбыз (ﷺ) ага алтындын жардамы ‎менен мурдун калыбына келтирүүгө уруксат берет. Андан соң ал ‎алтындан мурундун кебин жасап алат.‎

‎عن عرفجة بن أسعد بن كريب قال وكان جده قال حدثني: أنه رأى جده قال أصيب أنفه يوم الكلاب في الجاهلية قال فاتخذ أنفا من فضة فأنتن عليه فأمره النبي صلى الله عليه وسلم أن يتخذه من ذهب. – سنن النسائي — (8/164-163)، سنن أبى داود — (4/148)، ‎سنن الترمذي — (4/240)، صحيح ابن حبان — (12/276)…

‎«Ал-Фатаваа ал-Хиндия» китебинде мындай деп айтылган: “Эгерде ‎адам ашык (алтынчы) манжасын кесип таштоого же ушул сыяктуу бир ‎нерсе кылууга ниет кылса, эгерде бул нерсе өлүмгө алып келе турган ‎болсо, анда буга уруксат берилбейт. Бирок өлүмгө алып келбей турган ‎болсо, анда ага мындай кылууга уруксат берилет”.‎

إذا أراد الرجل أن يقطع إصبعا أوشيئا آخر قال نصير: إن كان الغالب على من قطع مثل ذلك ‏الهلاك فإنه لا يفعل وإن كان الغالب هو النجاة فهو في سغة من ذلك. (الفتاوى الهندية — ٥/٣٦٠).

Бирок, шарият адамдын табигый келбетин сулуулук үчүн гана ‎өзгөртүүгө кескиндүү түрдө катуу тыюу салат. Анткени бул Алла Тааланын алгачкы ‎жаратуусун өзгөртүүгө тете болот.‎

‏وَلأُضِلَّنَّهُمْ وَلأُمَنِّيَنَّهُمْ وَلآمُرَنَّهُمْ فَلَيُبَتِّكُنَّ آذَانَ الأَنْعَامِ وَلآمُرَنَّهُمْ فَلَيُغَيِّرُنَّ خَلْقَ اللهِ وَمَن ‏يَتَّخِذِ الشَّيْطَانَ وَلِيًّا مِّن دُونِ اللهِ فَقَدْ خَسِرَ خُسْرَانًا مُّبِينًا {النساء/119}‏

Куттуу хадисте минтип айтылган:

عَنْ عَلْقَمَةَ قَالَ عَبْدُ اللهِ: لَعَنَ اللهُ الْوَاشِمَاتِ وَالْمُسْتَوْشِمَاتِ وَالْمُتَنَمِّصَاتِ وَالْمُتَفَلِّجَاتِ لِلْحُسْنِ الْمُغَيِّرَاتِ خَلْقَ اللهِ تَعَالَى مَالِي لَا أَلْعَنُ مَنْ لَعَنَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَهُوَ فِي كِتَابِ اللهِ {وَمَا آتَاكُمْ الرَّسُولُ فَخُذُوهُ}، إلى {فانتهوا}. – صحيح البخاري — (5/2216، 2219)، صحيح مسلم — (3/1678).

«Алла Таала Анын алгачкы жаратуусун бузуп денесине кал (татуировка) салдыргандарга жана кал салгандарга, каштарын тергендерге каргыш кылган». (Муттафикун алейхи)

Мына ушулардын жана Курани Каримдин башка аяттарында айтылгандардын ‎негизинде кутман сахабалардан жана табииндерден болгон Ислам аалымдары, ‎айыбы жок дене мүчөлөрүн жана адамдын табигый дене келбетин ‎жүйөлүү себепсиз сулуулук үчүн гана өзгөртүү арам деген бир ‎добуштан жана акыркы пикирге келишкен. Анткени, ден-соолугу ‎жайында, сырткы келбетинде эч кандай айыбы жок адам өзүн ‎көтөрмөлөө же болбосо бир атактууга окшошуу үчүн гана дене мүчөсүн өзгөртөөрү бышык. Буга көкүрөктөрүн чоңойтуу, мурдунун же эринин формасын ‎өзгөртүү ж.б.у.с. үчүн жасалган операциялар кирет. Ошондуктан, сырткы ‎келбеттин мындай өзгөртүүгө Курани Каримде жана сүннөттө катуу тыюу ‎салынган. Жогоруда айтылып кеткендей, ушундай жол менен эч кандай ‎себепсиз Алла Таала берген келбетти бузуу же өзгөртүү шариятта тыюу салынган.‎

Жыйынтыктап айтканда, пластикалык ‎хирургия уруксат берилген жана тыюу салынган деген таризде эки түргө бөлүнөт:‎

‎1. Тубаса майыптыктарды же ар кандай кырсыктардын кесепетинен ‎болгон дененин же дене мүчөлөрүнүн кемчиликтерин жоюу максатында жасалган ‎пластикалык операцияга шариятта жол берилет.‎

  1. Ал эми эч кандай жүйөөлүү себепи жок туруп, сулуулук ‎үчүн гана жасалган пластикалык операцияга шариятта тыюу салынган ‎жана арам деп эсептелет.‎‎

 

ЭМДӨӨ

08  ФАТВА

Эмдөө боюнча Ислам дининин  көз карашы

Исламдын принциптерине жараша эмдөөнүн курамында арам болгон (нажасатул айн, мисалы чочконун кайсы бир бөлүгүнүн аралашуусу) жана башка тыюу салынган заттар болбоого тийиш. Себеби сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (ﷺ) айткан: “Алла Таала дартты да дабаны да жөнөткөн. Ар бир дарт үчүн дабаны да жөнөткөн. Ошондуктан даарылангыла (бирок) арам менен даарыланбагыла”, (Абу Дауд 3874)

إن الله أنزل الداء والدواء، وجعل لكل داء دواء فتداووا ولا تداووا بحرام

Эмдөөнүн пайдасы менен зыяны медицина илимине таандык. Ал эми мындай учурда  шарияттын өкүмү медициналык жактан чыккан натыйжага карап берилет. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты Сактоо Министрлигинин эмдөөгө жооптуу болгон органдарынан, тиешелүү тараптардан текшерүүлөрдөн өтүп, ошол эле учурда эмдөө тууралуу айткан кошуна өлкөлөрдүн жана башка батыш өлкөлөрүндөгү кээ бир белгилүү окумуштуулардын илимий пикирлерине ынанаарлык жооп берилген учурда, жоопкерчиликүү, тажрыйбалуу дарыгерлер тарабынан эмдөө боюнча зыяны жок деген тастыктоо болсо, эмдетүүгө исламда каршылык жок. Эмдөө боюнча ар тараптуу пикирлер болгондугу себептүү эмдөө ар бир адамдын өз ыктыярында калуусун жактайбыз.

Ал эми Ханафий мазхабында тыюу салынган нерселер менен дарылануу төмөндөгү шарттардын баары табылганда гана уруксат берилет:

  1. Зарыл болгон учурда
  2. Оорунун дарылануусуна альтернативасы жок болгон учурда
  3. Ооруга шыпаа болоору атайын күчтүү (профессионал) адистер тарабынан белгилүү болгон учурда

وشرط الحنفية لجواز التداوي بالنجس والمحرم أن يعلم أن فيه شفاء، ولا يجد دواء غيره، قالوا: وما قيل إن الاستشفاء بالحرام حرام غير مجرى على إطلاقه، وإن الاستشفاء بالحرام إنما لا يجوز إذا لم يعلم أن فيه شفاء، أما إذا علم، وليس له دواء غيره، فيجوز

 

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши

19-февраль,  2019-жыл