Нөшөрлөп жааган жамгырга карабастан Тоголок Молдо эс алуу паркына 100гө чукул көчөт отургузулду

Бүгүн, 6-апрелде нөшөрлөп жааган жамгырга карабастан КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчиси Эгешов Зайырбек Жолчуевич, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана КМДБ, ДИМК, ЕККУ, IWPR жана башка конфессиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда калаадагы Тоголок Молдо эс алуу паркына 100гө чукул көчөт отургузулду.

Сааламлык конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөө жана шаарды жашылдандыруу максатында өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, бул ишембилик 2019-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы конфессиялар аралык өз ара мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө максатында уюштурду.