Кочкор районунун баш имам хатиби ата-эненин жана мугалимдин бала тарбиялоодогу жоопкерчилигин түшүндүрүп берди

Кочкор районунун баш имам хатиби Жеңишбек ажы Арзымкожоев Кочкор районунун Шамшы айылынын тургундарына «Ата-эненин жана мугалимдин бала тарбиялоодогу жоопкерчилиги» аталышындагы  лекциясын окуп берди. Баш имам хатиб  ата-эне менен мугалимдердин ортосундагы жоопкерчиликтер туурасында баяндама жасап, милдеттер жана укуктар боюнча маалымат берди.

 «Ата-эне, мугалимдердин кадыр-баркын түшүрбөстөн мугалимдерди сыйлоого тийиш. Ата-эне өз балдарына мугалимге сый мамиле кылууну үйрөтсө, мугалимдер ата-энени урматтоо керектигин балдарга айтышы зарыл»,-деди Жеңишбек ажы Арзымкожоев.