Жалал-Абад казыяты түштүк аймактык казыяттар арасында спорттук турнир өткөрдү

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына караштуу түштүк аймактык казыяттардын арасында спорттук турнир өттү. Иш чара казыяттар арасындагы  ынтымакты, достукту бекемдөө максатында уюштурулду.

«Достук беттешүү ынтымактыкты бекемдөө максатында уюштурулгандыктан орундар ыйгарылган жок. Мындай спорттук иш чара ден-соолуктун чыңалышына шарт түзүп, сергек жашоого үндөйт»,-деди облус казысы Абдулазиз кары Закиров.  

Спорттук турнирдин жыйынтыгында Жалал-Абад казыяты Ош облусунун мусулмандар казыятына “Мыкты команда” деген номинация ыйгарса, оюнда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн оюнчулар “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты коргоочу”, “Мыкты чабуулчу” номинацияларына ээ болушуп, алкыш баракчалары менен сыйланды.