Мырза каары Осмонов: Адептүү адам, абийир табат

Ош шаарынын №18 А.Наваи мектебинин  окуучуларына Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Мырза каары Осмонов «Адептүү адам, абийир табат» аттуу темадагы лекциясын окуп берди. Лекция учурунда баш имам хатиб адамдын көркү адеп экендигин, балдар жаштайынан ыймандуу, билимдүү жана элине пайдасы тие турган болуп тарбиялануусу керектигин түшүндүрүп берди.

Мектеп окуучуларына уюштурулган жолугушуу суроо-жооп менен коштолуп, жоопту мыкты берген окуучуларга атайын сыйлыктар дагы тапшырылды.