Убайдулла ажы Сарыбаев: Адам баласына берилген жан аманат

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев ОшМЮИнин юридикалык колледжинде суициддин алдын алуу багытында уюштурулган семинарга катышты.

Семинар алкагында шаар казысы инсан үчүн дене мүчө аманат экендигин жана амантка кыянаттык кылуу, өз өмүрүнө кол салуу шариятта оор күнөө экендигин эскертти.

«Адам баласына берилген жан аманат жана ага аяр мамиле жасашыбыз маанилүү. Инсан бул жашоодо көп эмгек кылып, алдына максат коюп жашашы керек. Андыктан биз жаштарды билимдүү кылып тарбиялап, ошол эле учурда ыйманына, адеп-ахлагына жана чөйрөсүнө коңүл бурушубуз зарыл»,-деди шаар казысы.

Ал эми семинарга катышкан психолог Рита Асанкова, ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлү Кукчаев Толкун, ОшМЮИнин юридикалык колледжинин директору Ураимова Толгонай жана мугалимдер студенттерге кеп-кеңештерин беришип, мамлекет үчүн кызмат өтөөгө чакырышты.