Балыкчы шаарында диний абал талкууланып, эл менен тыгыз иш алып барган дин кызматкерлери сыйланды

Балыкчы шаардык мэриясында диний абал талкууланып, анын алкагында экстремизм, терроризм боюнча жаштар арасында түшүндүрүү жана профилактикалык иштерин күчөтүү, конфессиялар аралык достукту бекемдөө, жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташууну жакшыртуу маселелери талкууланды.

Ал эми Балыкчы шаарынын баш имам хатиби Чойбек ажы Исакунов экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча шаардагы дин кызматкерлери түшүндүрүү, агартуу иштерин жүргүзүп жаткандыгын айтып, бул жаатта бардык мекеме, иш каналар өз салымдарын кошуп жаткандыгын билдирди.

«Экстремизмдин, терс диний агымдардын алдын алуу чоң милдет. Биз ар бир жаранга туура маалыматты жеткирип, терс диний агымдардын азгырыктарынан оолак кылууга бар күчүбүздү жумшап жатабыз. Ушундай эле иш чараны өлкөбүздүн аймагындагы бардык дин кызматкерлери жүргүзүп жатат»,-деди шаардын баш имам хатиби.

Иш чарага Ысык-Көл ОИИБнин башчысы Улан Асанбаев катышып, коомчулук менен иш алып баруудагы активдүүлүгү үчүн “Белал” мечитинин имамы Рысбек Сагынаевге “Ардак грамота” тапшырды.