Тоң районунун баш имам хатиби айыл аймактарын кыдырып, жергиликтүү тургундарды ынтымакка чакырууда

Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов Бар-Булак, Эшперов айылынын жаштары, аксакалдары жана айыл башчылары менен жолугушуп, бир туугандык мамиле, ынтымакты бекемдөө, биримдикти чыңдоо туурасында баяндама жасады. Муну менен катар баш имам хатиб  илимдин зарылдыгы, терс диний агымдар, экстремизм, терроризмдин алдын алуу боюнча дагы маалымат берип, катышуучулардын суроолоуна жооп берди.

«Айыл элинин ынтымагы жана биримдиги маанилүү болгондуктан ар бирибиз түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Жаштарды билимдүү болууга чакырып, келечегибиз үчүн жан үрөп аракеттенүүбүз зарыл»,-деди Таалайбек ажы Акунов.

Ушул эле күнү баш имам хатиб Ж.Бөкөнбаев айылынын тургуну, мүмкүнчүлүгү чектелген Салима энеге 7 000 сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөттү.