Жалал-Абад облусундагы диний окуу жайлар арасындагы көчмө семинар «Имам Аьзам» медресесинде экинчи жолу уюштурулуп, кемчиликтер жоюлду

Диний окуу жайлардагы мугалимдердин сабак берүү чеберчилигин өстүрүү, жоопкерчиликти күчөтүү, окуучулардын билим сапатын көтөрүү, инновациялык жана интерактивдик сабак өтүүнүн ыкмаларын жайылтуу максатында Жалал-Абад казыяты тарабынан демилгеленген III-көчмө семинар Сузак районундагы «Имам Аьзам» медресесинде экинчи жолу уюштурулду.

Семинарга казыят кызматкерлери, облус аймагындагы бардык диний окуу жайлардагы фыкх сабагынан берген мугалимдер, мүдүрлөр, окуу бөлүм башчылары, уюштуруучулар жана аталган окуу жайдын студенттери катышты.

Класстан тышкаркы иш чара боюнча «Даарат жана таяммум» деген теманын алкагында шарьий-илимий-ториялык-практикалык кичи конференция уюштурулду. Мында окуучулар даараттын парздары, сүннөттөрү, макүрүлөрү, дааратты бузуучу нерселер жана абалдар, таяммум алуунун себептери тууралуу маалыматтарды айтып, Куран жана хадистерден далил келтирүү менен активдүү катышып, практика жүзүндө да көрсөтүп беришти. Мындан тышкары  даарат ала турган суулар тууралуу да баяндарды айтышып, даараттын дубаларын үн чыгарып ар бирин кылдаттык менен көрсөтүп беришти.

Иш чаранын соңунда мугалимдер шарьий-илимий-теориялык-практикалык кичи конференциянын жүрүшү боюнча анализ беришип, кемчиликтерди жана жетишкендиктерди айтышты. Иш чараны жакшыртуу максатында сунуштарын беришип, сунуш-пикирлерин билдиришти. Жыйынтыгында мугалимдер кичи конференциянын өтүлүшүнө «эң жакшы» деген баасын беришти.

Муну менен катар диний окуу жайларда бүтүрүү кечелерин, курстан-курска көчүрүү экзамен, зачетторго даярдыктарды көрүү, 2018-2019 жылдардагы окуу жылынын аякталышына карата жылдын мыктыларын аныктоо, «Мыкты студент», «Мыкты куратор» номинацияларды ыйгаруу жана алкыш баракчалар менен сыйлоону уюштуруу, балдар арасында медреселер аралык спорттук иш чараны жандандыруу, кыздардын медреселер аралык интеллектуалдык таймаштарын уюштуруу маселелери каралып, мүдүрлөргө тиешелүү тапшырмалар берилди.

Эске салсак, 29-январда «Имам Аьзам» медресесинин балдар бөлүмүндөгү конференция талаптагыдай өткөрүлбөгөндүктөн кайрадан уюштуруу талабы коюлган болчу.