Муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси 40тан ашуун өлкөгө продукциясын экспорттогон Орусиянын «Ресурс Агро» ишканасына барды

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын фатва бөлүмүнүн халал тармагы боюнча эмгектенген адиси Бактияр ажы Токтогазы уулу Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Жалал Абад шаарынын имам Бухарий мечитинин имамы Ниматулла ажы Жээнбеков жана ОсОО «АВС Трейд» компаниясынын өкүлдөрү менен биргеликте Орусия Федерациясынын Ставрополь шаарынан 55 километр алыс аралыкта жайгашкан Невинномысск шаарында жайгашкан «Ресурс Агро» ишканасынын «Ставропольский бройлер» аттуу тоок сойгон  заводдун ишмердүүлүгү менен таанышып, халал стандартына дал келүүсү менен жеринде таанышып келди.

«Ставропольский бройлер» тоок сойгон  заводуна Орусия муфтийлер кеңешинин эл аралык халал стандартташтыруу жана сертификациялоо борбору тарабынан халал сертификаты берилген.

«Бул завод Сауд Арабиясы, Кувейт, Катар, Бириккен Араб Эмирлиги сыяктуу 40тан ашуун өлкөгө продукциясын экспорттойт экен. Биз абдан чоң тажрыйбасы менен бөлүшүп, кызматташуу жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк»,-деди  Бактияр ажы Токтогазы уулу.

Эскерте кетсек, «Ресурс Агро» ишканасынын «Ставропольский бройлер» аттуу тоок сойгон  заводу Кыргызстанга «Ан нуур» жана «Арууса» аттуу тоок этин экспорттойт.