Кой-Таш айылынын тургуну уй союп, 15 муктаж үй-бүлөгө таратып берди

Аламүдүн районун Кой-Таш айылынын тургуну Шамшидин уулу Аббас уй союп, 15 муктаж үй-бүлөгө таратып берди. Кайрымдуулук иш чарасы айыл имамы Адис Саякбаев тарабынан  уюштурулган.

«Кайрымдуулук кылуу Алла Тааланын алдында абдан соопту иштерден. Биз, бул айылдагы муктаждарга жардам берүүнү максат кылып, ниетибиз орундалды» — деди Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов.