Баткенде футбол боюнча медреселер аралык таймаш өттү

Баткен район, шаарынын аймагындагы медреселер арасында спорттун кичи футбол оюну боюнча мелдеш өтүп, ага казыят кызматкерлери, медресе мугалимдери жана студенттер курамынан жалпы 5 команда катышты.

Спорт оюну Момунали Калматовдун жаркын элесине арналып өткөрүлүп, жыйынтыгында 1-орунду Баткен районундагы “Нур” Куран жаттоо медресеси камсыз кылды. Оюнда жеңген командага  уюштуручулар тарабынан баалуу белектер жана кубок тапшырылды.

«Спорт ден-соолукту эле эмес, ынтымакты, достукту бекемдейт. Ынтымагыбыздын бекемделишине салымын кошуп жаткан Калматов Ибрайимбек Момуновичке жана анын бир туугандарына ыраазычылык билдирем»,-деди облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов.