Тогуз-Торонун баш имам хатиби Макмал орто мектебинде өткөн “Ай — түндө керек, ыйман — күндө керек” аттуу тегерек столго катышты

Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы Мойдунов Тоту атындагы Макмал орто мектебиндеги 7-класстын окуучулары жана ата-энелери менен биргеликте эркин форматта “Ай-түндө керек, ыйман — күндө керек” аталышында тегерек стол уюштурулду.

Тегерек столго мектептин мугалимдери, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адиси Марлис Олжотоев жана райондун баш имам хатиби Тынчтык ажы Болотбеков катышып, жаштардын коомдогу ордун талкуулашты.

Тегерек столдун жүрүшүндө ата-эне менен балдардын ортосундагы мамиле,  ыймандуу адамдын коомдогу орду, ата-эненин жоопкерчилиги, милдеттери, үйдө окуучу менен ата-эненин мамилеси темаларындагы ойлор ортого салынды.

Эскерте кетсек, аталган тегерек стол соцпедагог Акматбекова Нурлананын демилгеси менен уюштурулду.