Нарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен дин кызматкерлеринин катышуусунда диний абал талкууланды

2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасынын алкагында Нарын облустук мусулмандар казыятынын кызматкери Сейит Исаев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө, маданияттуулукка тарбиялоо максатында Жумгал районундагы ар бир мектептерде жана кесиптик окуу жайларда өткөн жыйынга катышты.

Иш чара алкагында терс көрүнүштөргө бөгөт кою жана окуучулар, ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери каралды.