Замир Икромбаев: Бүгүнкү күндө эң зарыл нерсе тынчтык

Жайыл районунун Ак-Башат айылындагы айыл аксакалдар, айыл имамы Замир Икромбаев жана жергиликтүү жаштардын катышуусунда жыйын өтүп, анын алкагында элдин ынтымагын, достугун бекемдөө, терс көрүнүштөрдүн алдын алуу маселелери каралды.

«Бүгүнкү күндө эң зарыл нерсе тынчтык. Мамлекетибизде тынчтык болсо бардык жакшылыктарга жетсек болот. Ошол себептен ар бирибиз жаштарыбыздын ыймандуу, илимдүү болушуна жана мамлекетибизде тынчтык болуусуна салымыбызды кошолу», — деди өз сөзүндө айыл имамы.