Ош шаарындагы окуучуларга Исламда илим алуунун орду түшүндүрүлдү

Ош шаарындагы №26 Т.Сатылганов атындагы орто мектебинин жыйындар залында жогорку класстын окуучулары үчүн “Исламда илим алуунун орду” темада жыйын өттү. Жыйынга Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам хатиби Мирланбек ажы Токтомушов катышып, окуучуларга билим артыкчылыгы жана убакытты туура пайдалануу боюнча лекциясын окуп берди.

“Ким билимге терң кирип жакшы окуса, ал ар дайым ийгилике жетет”,- деди Мирланбек ажы Токтомушов.

Лекциянын акырында окуучулар өздөрү кызыккан суроолорун беришти.