Кызыл-Бел айылындагы эски мечиттин ордуна 500 орундуу жаңы мечит курулду

Баткен  районунун Кызыл-Бел  айылындагы эски мечиттин ордуна жаңы мечит курулуп, пайдаланууга берилди. 500 орундуу заманбап мечиттин курулушуна кайрымдуулук фонд каражат бөлсө, ошол эле учурда жергиликтүү жашоочулар дагы өздөрүнүн салымдарын кошушкан.

Мечиттин ачылыш аземине Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов жана башка дин кызматкерлери,  жергиликтүү бийлик жана  фонддун өкүлдөрү,  айыл жашоочулары катышты.