Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби айыл аксакалдары менен жолугушту

Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Акылбек уулу Талантбек экстремизм, терроризм   жана терс агымдардын алдын алуу боюнча Жеңиш айылынын аксакалдары менен жолугушту.

Айыл аксакалары менен болгон жолугушууда эл арасындагы ынтымак менен биримдикти бекемдеп, жаштарды туура жолго багыттоо маселеси каралды.

“Аталарыбыз бар — ырысыбыз бар. Кыргыз эли байыртадан акскалдардын батасы менен көгөрүп, акыл насаатын жүрөккө сактап келген. Аксакалдар жаштарга нускалуу кептерин айтып, элди туура нуктан чыгарбай, динибизди, маданиятыбызды айтып, урпактарга жеткирүү учурдун талабы» — деди баш имам хатиб.