Каракол шаардык хатибияты ишембиликке чыгып, 50 түп балаты, 50 түп көп жылык дарактардын көчөттөрүн отургузду

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жарлыгына ылайык Каракол шаардык хатибияты шаардык мэрия менен биргеликте ишембилик өткөрдү.

Иш чарага Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков баштаган дин кызматкерлери жана мэрия кызматкерлери катышып, оорукана, бала бакча  жана борбордук көчөлөрдү, суу агуучу арыктарды тазалашып, көчөттөрдү отургузушты.

«Жаздын келиши менен тазалоо, актоо, жашылдандыруу иши улантыла бермекчи. Каракол шаардык хатибияты ишембилик өткөрүп, 50 түп балаты, 50 түп көп жылык дарактардын көчөттөрүн отургузду. Аны менен бирге шаардык хатибият өз карамагындагы жетим-жесирлердин, кадырлуу карыларыбыздын үй-жайын тазалап, көмөк көрсөтүү иши уланууда» — деди баш имам хатиб Талант ажы Сабриков.