Ош шаардык казыяты муктажрага 151 миң сом садака-фитир таратты

Ош шаардык казыяты муктажрага 151 миң сом садака-фитир таратты
Ош шаардык казыяты муктажрага 151 миң сом садака-фитир таратты

Muftiyat.kg/27.06.2018/ Ош шаардык мусулмандар казыяты шаардагы муктаж, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, көп балалууларга, жетим-жесирлерге  садака-фитирден келип түшкөн акча каражаттарын таратып берди. Садака-фитир Рамазан айында кабыл алынган атайын арыздын негизинде таратылды. Кайрымдуулук ишине  Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдилла ажы Сарыбаев, казыяттын эсепчиси Билалиддин Надыров, казыят кызматкерлери жана мечиттин имамдары катышышты. Иш чара алкагыда шаар казысы Убайдилла ажы Сарыбаев акчалай жардамды тапшырган шаар тургундарына ыраазычылыгын айтып, жылдан жылга кайрымдуу  жарандардын саны өсүп жаткандыгы элибидин берешендүүлүгүнөн кабар берээрин баса белгиледи.

Казыятка 10 пайыз болгон 151 миң сом келип түшүп, арыздын негизинде муктаждарга таратылды. Садаканы бергендерге Жараткан Өзү ыраазы болсун, ал эми жардам алгандардын саны азайып, элибиз бардар турмушта жашасын. Казыят муктаж инсандарды дайыма колдоп келет,-деди шаар казысы.

Мындан сырткары Ош шаардык казыятына караштуу көпчүлүк мечиттерде дал ушундай таризде кайрымдуулук иш чаралары өтүп, муктаж болгон жарандарга жардамдар көрсөтүлдү.