![Баткендеги такси айдоочулары кайрымдуулук акциясын өткөрүштү](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2018/06/такси-300x167.jpg)
Muftiyat.kg/27.06.2018/ Баткен шаарындагы кызмат корсөткөн “Бай бол” такси кызматынын кызматкерлери кайрымдуулук акциясын өткөрүштү. Бул туурасында Баткен шаарынын баш имам хатиби Юнусов Абдурашид ажы маалымдады.
Акция алкагында Баткен шаарындагы жардамга муктаж үй-бүлөлөр түрдүү азык-түлүктөрдү алып барышып, кээ бир үй-бүлөлөргө акчалай кайрымдуулук кылышты.
Белгилей кетсек, аталган такси кызматы буга чейин да бир топ акцияларды жана тазалык иш чараларын уюштуруп келет.