Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев ОшМУнун студенттери менен жолугушуп, “Эне үйдүн куту” темасында лекциясын окуп берди. Лекциянын алкагында шаар казысы “Ислам-бул жакшы кулк-мүнөз экендигин, адеп-ахлакты оңдоп-түзөө менен коом оңоло тургандыгын билдирди.
“Үй-бүлө бекем эл бекем. Андыктан биз балдардын тарбиясына абдан катуу көңүл буруп, аларды ыймандуу кылып тарбиялашыбыз керек”,-деди шаар казысы.
Студенттерге уюштурулган иш-чарага лекцияга ОшМУнун жетекчилигинен Сопуев Улан, мугалимдер катышып, студенттерге өздөрүнүн насааттарын айтышты.