Нарын шаарында «Рамазан» такси кызматы жүргүнчүлөрдү акысыз ташый баштады

Куттуу Рамазан айынын урматына карата  Нарын облустук казыяты тарабынан уюштурулган Рамазан такси кызматы эми Нарын шаарынын тургундарына бир ай бою акысыз кызмат көрсөтмөкчү. Рамазан такси кызматында Нарын шаарынын тургундары жана казыят кызматкерлери иш алып барышып,  өз ыктыярлары жана  жеке унаалары менен жүргүнчүлөрдү ташышат.

“Бул кызмат Рамазан айы ичинде жүргүнчүлөрдү акысыз ташып, кызмат көрсөтүшөт. Рамазан айынын урматына карата жүргүнчүлөрдүн бара турган жерлерине акысыз жетүүгө мүмкүнчүлүк жаралды”,-деди казыяттын маалымат катчысы Шабдан Белеков.