Ош облустук казыяты райондук хатибияттардын иш кагаздарын текшере баштады

Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек каары Орунбаев баштаган казыят кызматкерлери региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Алай жана Чоң-Алай райондук хатибияттарынын ишмердүүлүгү менен таанышып, иш кагаздарын текшеришти. Текшерүүнүн  жүрүшүндө Чон-Алай районунун башкы имам хатиби Эрмекбай ажы Ташбеков жана Алай районунун имам хатиби Тиллабай ажы Кадыров хатибияттын номенклатуралык иш кагаздарын жүргүзүү жана мечит имамдарынын өздүк делолорунун даярдоо боюнча аткарылып жаткан иштер менен тааныштырышты.

Казыяттын текшерүү ишинин жыйынтыгында башкы имам хатиптерге иш кагаздарын жүргүзүүнү электрондук системага өткөрүп,  кат алышуу системасын жолго коюу, өздүк делолордун жана жалпы документтердин электрондук базасын түзүү тапшырмасы берилди.