Ош шаарынын казысы ОшМУнун студенттери менен жолугушуп, “Эне үйдүн куту” темасында лекциясын окуп берди

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев ОшМУнун студенттери менен жолугушуп, “Эне үйдүн куту” темасында лекциясын окуп берди. Лекциянын алкагында шаар казысы  “Ислам-бул жакшы кулк-мүнөз экендигин, адеп-ахлакты оңдоп-түзөө менен коом оңоло тургандыгын билдирди.
“Үй-бүлө бекем эл бекем. Андыктан биз балдардын тарбиясына абдан катуу көңүл буруп, аларды ыймандуу кылып тарбиялашыбыз керек”,-деди шаар казысы.
Студенттерге уюштурулган иш-чарага лекцияга ОшМУнун жетекчилигинен Сопуев Улан, мугалимдер катышып, студенттерге өздөрүнүн насааттарын айтышты.