Азирети Муфтий КР Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары менен жолугушуп, диний абалды талкуулашты

Азирети Муфтий КР Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары менен жолугушту
Азирети Муфтий КР Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары менен жолугушту

Muftiyat.kg/28.06.2018/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев  аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында расмий иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды.  Иш сапар алкагында Азирети Муфтий алгач КРнын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Моңолдоров Дамир Черикович менен жолугушуп, аймактагы диний кырдаал, көчмөндөр оюндарына даярдык,  даават маселеси, аймактарды өнүктүрүү жылында биргеликте кызматташуу жаатында пикир алышты.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында Моңолдоров Дамир Черикович Азирети Муфтийдин Ысык-Көл жергесине болгон иш сапарынын маанилүүлүгүн айтып, өзүнүн ыраазычылыгын билдирди. Андан соң КРнын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары  Ысык-Көл облусунда көчмөндөр оюндарына көрүлүп жаткан кызуу даярдыктар жана андагы коопсуздук маселели туурасында айтып, бул жаатта бир катар маанилүү иш чаралар өтө тургандыгын билдирди. Муну менен катар ал облустагы диний абал, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен дин кызматкерлеринин кызматташуусу, даават маселеси жана терс диний агымдардын алдын алууда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча өз оюн ортого салып, бул жаатта дин кызматкерлери менен тыгыз кызматташуу керек экендигин билдирди.

Ал эми Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан аткарылган иштер боюнча маалымат берип, Муфтият ар дайым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иштешип келээрин айтуу менен Моңолдоров Дамир Чериковичке өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, Куран китебин белек кылды.