Азирети Муфтий Ысык-Көл облусунун жашоочулары менен жеринде жолугушту

Расмий сапар
Расмий сапар

Muftiyat.kg/29.06.2018/Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев  аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Ысык-Көл облусуна жасаган расмий иш сапарынын жүрүшүндө Ысык-Көл облусутук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн  жыйындар залында өткөн жыйынга катышып, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, тазалык, маданияттулук, ыймандын бекемделиши туурасында баяндама жасашып, катышуучулар элдин аркыл суроолоруна жооп беришти.

Облустук администрациянын жыйындар залында өткөн жолугушууга КР Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басар Д.Ч Моңолдоров, облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков, облус аймагындагы жалпы имамдар, баш имам хатибтер, облустук билим берүү бөлүмү, Каракол шаардык медицина кызматкерлери, облустук курулуш жана архитектура кызматкерлери, облустук, шаардык жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Андан соң Азирети Муфтий Каракол шаарындагы “Аль Филалий” борбордук мечитин зыярат кылып, облустук казыяттын ишмердүүлүгүнөн кабар алып, казыяттын 6 айлык отчету менен таанышты.