Куттуу Рамазан айында соопту иш жасаган боордоштор 15 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 52000 сомдук жардам көрсөтүштү

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылындагы «Ала-Тоо» мечитинин имамы Таир Ибраимовтун демилгеси жана арекети менен демөөрчүлөр 15 аз камсыз болгон үй-бүлөгө күнүмдүк тамак-аш азыктары таратылды.

«Ар бир үй-бүлөгө бир мүшөктөн ун, күрүч, кесме жана май жана башка азыктар таратылды.  Орто эсеп менен ар бир үй-бүлөгө 3500 сомдон акча жумшалып, жалпы кайрымдуулук иш-чарасына 52000 сом каражат жумшалды»,-деди Таир Ибраимов.