Мирланбек ажы Токтомушов: Китепкөйлөрдүн күч-кубаты туруктуу болот

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, Ош шаардык казыяты жана “Личность” коомдук фонду тарабынан шаардагы Ч.Айтматов атындагы №36 орто мектебинин жогорку классынын окуучулары үчүн “Рухий тарбия” долбоорунун алкагында “Исламда илим алуунун орду” темасында баяндамалар жасалды.

Иш-чарага Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам хатиби Мирланбек ажы Токтомушов катышып, билим алуунун артыкчылыктарын жана тарбиянын маанилүүлүгүн айтып берди.

“Китеп окуу жашоого максат коюуга көмөктөшөт. Китепкөйлөрдүн күч-кубаты туруктуу болот. Китеп окубаган жана аз окугандарга салыштырмалуу күн сайын китеп окууну адатка айландыргандар ар кандай оорчулуктарды оңой көтөрүшөт.”,-деди Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам хатиби.