Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби мектеп окуучуларына аалам үчүн тынчтыктын маанисин түшүндүрүп берди

Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Акылбек уулу Таалнтбек  Жон-Булак айылындагы мектеп окуучулары менен жолугушуп, экстремизм жана терроризм, арак жана зына, убакытты туура пайдалануу темасында баяндама жасап, жаштарды адептүү болууга чакырды. Муну менен катар баш имам хатиб аалам үчүн тынчтыктын маанисин түшүндүрүп берип, элдин ынтымагы коом үчүн абдан зарыл экендигин билдирди.