Ыйык Мекке шаарындагы Умм аль-Кура университети менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы кызматташуусун бекемдейт

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Сауд Арабия Падышачылыгынын Умм аль-Кура университетинин шарият факультетинин деканы шейх Раид аль-Усаймий менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда тараптар Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы жана Умм аль-Кура университетинин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, достук алакаларды чыңдоо жана тажрыйба алмашуу жаатында пикир алышты. Муну менен катар тараптар дин кызматкерлерин окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу,  Умм аль-Кура университиндеги адистердин катышуусунда Кыргызстанда имамдар үчүн атайын окутууларды уюштуруу жаатында сүйлөшүштү.

Ошондой эле эки тараптуу жолугушууда биргеликте семинарларды, тегерек столдорду өткөрүү жаатында дагы маселелер каралды.