«Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун алкагында 800дөн ашык жаштар кесип үйрөнүштү

Айыл жергесиндеги жаштарды жумуш менен камсыз кылуу коомдук фонду «АВЕП» бүгүн, 24-май күнү Араван айылындагы “Аль-Бухари” медресесинде саат 18.00та, «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун алкагында, медреселерге кесип үйрөнүүгө шарт түзгөн жаңы жабдууларды өткөрүп берүү иш-чарасын өткөрөт.

«4-күн мурда мындай иш-чара түндүк аймактагы облустардын медреселери үчүн Бишкек шаарында да өттү.  Алар: ашпозчу, ширетүүчү, тигүүчү, компьютер колдонуучу адис, электрик кесибин үйрөнүүгө зарыл болгон шайман, жабдуулар тапшырылды»,-деди КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов. 

«АВЕПкоомдук фонду 2019-жылы «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун ишмердүүлүгүн Кыргызстандын бардык облустарында улантууда. Учурда долбоор жалпы Кыргызстандын аймагындагы 28 медресе окуу жайларында ар кандай багыттар боюнча кесиптик билим берип, уядан даяр адистерди учуруп жатат. Адистиктер: “Ашпозчу-кондитер”, “Ширетүүчү”, “Электромонтажник”, “Тикмечи”, “Тиричилик техникаларын оңдоочу адис”, “Эмерек жасоочу уста”, “Слесарь-сантехник” жана “Компьютердик сабаттуулукка үйрөтүүчү адис” багыттары боюнча үйрөтүлүп жатат. Буга кошумча бир топ медреселерде 2 айлык англис тилин үйрөнүү курсу уюштурулган. Ушул күнгө чейин жалпысынан 800дөн ашык жаштар кесип үйрөнүп чыгышты. Жумуш менен камсыз болуунун көрсөткүчу 65-67% түзөт. Орточо айлык акысы 15-20 миң сомду түзөт. Долбоор “АВЕП”  коомдук фонду, Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын, Кыргызстандагы АКШ элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.

«Долбоордун мааниси тууралуу айта кетсек, учурдагы актуалдуу проблеманы чечүү багытында иштөөдө. Максаты — диний билим берүү мекемелеринде окуган жаштарга сертификат берип, окууну бүткөндөн кийин жумуш таап кетишине жардам берүү, жумушсуздардын санын азайтуу. Ошондой эле радикализмге, экстремизме, террорго каршы туруп, жаштарды ар кандай азгырыктардан арачалап калууну көздөйт. Тактап айтканда эч кандай коммерциялык кызыкчылыкты көздөбөгөн, жаштардын келечегине шарт түзүп, алардан бир тыйын албай, акысыз кесип үйрөткөн социалдык долбоор. Маани бере кетүүчү нерсе 9-класстын базасы менен медреседен окууга кирген өспүрүм кыздар менен балдарга толук орто билим тууралуу аттестат берилбегендиктен жогорку окуу жайларына тапшыра албай калып жатышат. Медреседе кесип үйрөнгөн эки айлык курсту бүтүрүп алуу алар үчүн — кийин жумушсуз жаштардын катарын толуктабай, аз дегенде өз үй-бүлөсүн багуу үчүн жакшы көмөкчү болууда. Быйыл ар бир облустан медреселер тандалып алынды жана тандоодо Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы активдүү катышты. Ушул жылы жалпысынан 10 медресеге 3 млн 462 миң 860,00 сомго жабдуулар алынып берилүүдө” – деп билдирет “АВЕП” коомдук фондунун директору Нурлан Токонов.

“Медреседе окуган жаштарга кесип үйрөтүү” долбоорунун чыгымдары толугу менен АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин грант катары бөлгөн каражатына каржыланып, “АВЕП” (Айыл жергесиндеги жаштарды жумуш менен камсыз кылуу) коомдук фонду ишке ашырууда.