Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиевдин апасынын жаркын элесине арналган сөзү!
Текст өзгөрүлбөстөн берилди.
«Мени төрөп өстүргөн, жашоону үйрөткөн, дайыма жашоомдо дем-күч берип турган ийгилигиме кубанган, кемчилигиме кайгырган апамдын жаркын элесине арнаймын».
Ар бир үй-бүлөнүн тынч, туруктуу болуусу, перзенттердин дени сак бойдон эрезеге жетүүсү, үй-бүлөдө жагымдуу маанай, жашоо-турмуштун жыргалчылыгы ар жааттан бир инсандын жоопкерчилигине түшөт. Мына ушундай жоопкерчиликтүү жана ары сыймыктуу милдеттерди чын дилден, эч качан наалыбай башын бийик көтөрүп, жашоо кыйынчылыктарына өзүндө күч таап, айланадагыларга көмөктөш болгон инсан бул — аял, тагыраак айтканда ЭНЕ.
Эне! Бул сөздүн түпкүрүндө аалам-аалам маани жатат. Аны канчалык чечмелесең ошончолук жүрөгүң жыргайт. Канча-канча акындар аларды даңазалап ырлар жазган. Улуу аалымдардын дилиндеги берметтей сөздөр менен алар ааламга таанытылган. Бул дүйнө сулуулугун жашоо философиясын жана ар кандай нерсенин маани-маңызын дегеле аялзатынын бейнесин анын жароокер дил, берилгендик жана жанкүйөрлүгүндө көрөбүз, сезебиз.
Эне! Канчалык улуу зат. Ал перзенти үчүн түн-уйкусунан безген, перзентинин жаркын келечеги үчүн желип-жүгүргөн, үй-бүлөсүнүн тынч жашоосу үчүн ар кандай ишке даяр, айланадагыларга да милдет кылбастан чексиз мээр бере алган кайталангыс зат.
Эне! Жашоо сабактарын берүүчү, жанкүйөр мээрбан зат. Чоң-кичинеге дайыма бирдей жардам бере алган, дайыма туура жол көрсөтө алган тарбиячы. Үй-бүлөдө баарынын көңүлүнө жол тапкан мээримдүү эне. Журт керегине жараган перзенттерди эрезеге жеткирип жаткан эне, азиз инсанды колдоп кубаттаган сүйүктүү жар.
Өзү эне болсо да, бир көз ирмем да перзент экендигин унутпай дайыма ата-эненин кызматында шай турган инсан балким анын улуулугу ушунда чыгаар, ошондуктан баарыбыз анын алдында таазим кылаарбыз… Баарыбир эне дүйнөнүн түркүгү.
Эне жөнүндө ыр жазбаган акын жок болсо керек. Эне коомчулук үчүн, мекен үчүн азаматтарды тарбиялап берет. Перзенти үчүн чын дилден бата кыла турган, Жараткандан ага бакыт сурай турган, баласын бүт аалам чанып, таштап кетсе да аны жакшы-жаман күндөрдө да колдоп кубаттай турган инсан бул — периште сымал энелерибиз. Эне перзенттери үчүн керек болсо өз өмүрүн да берип ийет.
Чындыгында эне бул улуу зат. Мен аларды периштелерге салыштыргым келет.
Эне! Бул ыйык сөздү айтуу же угуу менен жүрөгүбүздө кокустан чексиз мээр пайда болот. Ар дайым аны айтканда же укканда көз алдыбызга жана ички дүйнөбүзгө эненин сүйкүмдүү ажары жана мээрбан элеси келе баштайт. Тамырларыбызда ак ниеттүүлүк жана жакшылык дарыядай ташкындай баштайт. Эне деп айтуу менен тилибиз да, дилибиз да чексиз инсаний мээримдүүлүккө, боорукердикке толуп-ташып бара берет, бара берет…
Бала чагыбызда, тагыраак айтканда эсибизди тааный баштаган кезде бизге: «Апаңды жакшы көрөсүңбү же атаңды жакшы көрөсүңбү?», деп уламдан-улам тынбай суроо беришет. Албетте табигый көрүнүш катары көпчүлүк «Апамды», деп жооп берет. Бул таптакыр атамды жаман көрөмүн дегени эмес. Тескерисинче, энеге болгон мээр-акыбеттин эң жогорку белгиси, энеге болгон ак-ниеттүүлүктүн баасы жок ачыктоосу экендигин аталарыбыз да жакшы түшүнөт. Энелерибизди жакшы көрүшүбүз, аларды ардакташыбыз жана урмат кылышыбыз аталарыбызга эч убак оор болбойт. Анткени, аталарыбыздын да энелери бар. Алар да өз энесин биздей кадырлап, биздей жакшы көрүп биз сыяктуу урмат кылуусуна толук ишенебиз. Энени ардактоо, кадыр-баркын өз ордуна коюп, башыбызга таажы сыңары көтөрүү бизге ата-бабалардан калган мурас.
Эне улуу зат болуу менен бирге, өзүндө таң калычтуу кереметтерди камтыган сырларга бай инсан.
Эне ушунчалык улуу жана кудуретттүү зат, ал көзгө көрүнбөс улуу күч менен, мээримдүүлүк менен жалаң перзенттерин жана жакындарын гана эмес, балким бүт инсаниятты бооруна басып, дартына дарман боло алат.
Эне дайыма өзүндө окшошу жок күч-кудурет таба алган ажайып кудуреттин ээси. Дагы бир сөз: тарых барактарынан жакшы билебиз, энелер эң оор жана кыйын доорлордо да, катаган жана каатчылык жылдарда да темирдей бекем чыдамы жана мээрбан кайраты жана ак-ниет, эр-жүрөк жана мээнеткеч болуп, алгач жанынан да азиз болгон перзенттерин, туулуп өскөн мекенин сактап калуу үчүн жанын болсо да берүүдөн таптакыр кайра тарткан эмес. Энелер катагандардан коркушкан эмес, дооматтардан таптакыр чочуган эмес. Перзенттер болсо энелердин кайраты жана жоомарт көз-карашынан күч-кубат алышкан, баатыр болушкан… Мындай улуу энелердин элеси алдында баш ийип , алардын рухуна дайыма дуалар кылуу инсаний милдетибиз.
Адам баласы эне себептүү бул жарык ааламды көрүү бактысына ээ болот. Эне себептүү бул жашоонун бүт жыргалдарына жетишет. Эне себептүү дүйнөнүн кубаныч-шаттыктарына көмүлүп жүрөт. Эне себептүү бакыт-ийгиликке жетишет. Эне себептүү өмүрүн жакшылыка, боорукерликке, кайрымдуулукка жумшайт. Эне себептүү өмүрүн жакшы жана кайрымдуу амалдар менен көрктүү кылат. Ар бир перзент, ал уул болсун же кыз болсун адегенде энесин ыраазы кылууга умтулат. Энесинин алдындагы карызын өтөөнү сыймыктуу бурчу деп билет.
Эненин бакыты — перзенттеринин бакыты, үй-бүлөнүн бакыты, коомчулуктун бакыты. Эне бул баасы жок бакыт аны эч кимге эч нерсеге алмашып болбойт. Кээде энени өмүрү узак темирдей бекем болгон дарактарга салыштырылат. Же болбосо эненин кайратын бийик-салабаттуу тоолорго, ал эми анын мээримин болсо деңиздерге салыштырылат. Бул салыштыруулардын баары акыйкат. Анткени эң жашы улуу болгон дарактар да өз өмүрүн энелердин берекелүү өмүрүнө окшотушат. Тоолор да негизинен өз кайратын энелерге карап чамалайт. Деңиздер да мээримдүүлүктө энелерге тең келиш же келбестикте өз-ара талкуу жүргүзүшөт.
Табият энелер менен эсептешет, энелер менен кеңешет, энелер менен бирге кадам таштайт. Жадагалса табият да энеге ызаа бергиси келбейт. Табият ырайымдуу болууда, мээр көрсөтүүдө энелерден үлгү алат.
Кимдин энесинин көзү тирүү болсо кадырлап, барктап бул дүйнөдө эле бейишин куруп алсын. Мага окшоп сыздап, арма-дүйнө деп жер чапчып калбасын.
Кимдин энеси бул дүйнөдөн өтүп кеткен болсо хадисте айтылгандай таманынын астындагы бейиштин төрүндө болсун!