Темирбек кызы Айпери: Мен эң эле биринчи кол эмгегим катары апама көйнөк тигип берип сүйүнттүм

“Медреседе окуган кыздар менен балдарга кесип үйрөтүп жаткан долбоор жакшы жыйынтыктарды берүүдө. Бул туурасында Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы “Равза” медресесинин жетекчиси Өскөн ажы Каландаров билдирди.

«Бул айылдагы медресе азыр “тигүүчү” кесибин үйрөткөн сегизинчи жолку топтун бүтүрүүчүлөрүн узатты. Эми айылыбыздагы кыз-келиндер өздөрүнчө топ болуп биригип, жаңы курска жазылып жатышат. Арасында Нарындан, Таластан, Оштон келип, туугандарыныкына жатып окугандары арбын. Ата-энелер абдан сүйүнүп атышат, кыска аралыкта (2 айлык) мындай кесип үйрөткөн курска. Тикмечилик кесипти жакшы окутса азыр жумуш аябай көп табылат экен. Биздеги кыздар жакшы окуп бүткөндүктөн жумушка орношуунун деңгээли жогору. Шаардагы цехтерге ишке кирип жатышат. Өзүбүз да карап отурган жокпуз. Эки жактан демөөрчү издеп “Ассалам” деген кайрымдуулук фондуна долбоор жазып, медресебиздин жанына 30 киши баткыдай цех курдуруп алдык. Документация иштерин бүтүрүп алсак эле ишти баштаганы турабыз. Президентибиз айтып жаткан – Аймакты өнүктүрүү жылы деген мына ушундай реалдуу, жемишин берген конкреттүү иштерден башталса эле мамлекетибиз оңолот»,- дейт Өскөн ажы Каландаров.

Медреселерде кесип үйрөткөң социалдык долбоор “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу деп аталып, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен “АВЕП” (Айылдык жаштарга кесип үйрөтүү) деп аталган коомдук фонд ишке ашырууда. Жалпысынан азыр Кыргызстандын бардык облустарындагы 28 медреседе, “электрик”, “ширетүүчү”, “ашпозчу”, “тикмечи” кесиптери баш болгон тогуз кесипти үйрөнүшүүдө. Жабдуулардын бардыгы медреселерге белек катары бекер берилген. Окуу курстары акысыз болуп, чыгымдардын бардыгын АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бөлгөн гранттык каражаттын эсебинен каржыланууда.

Ушул күнгө чейин жалпысынан 800дөн ашык жаштар (кыздар жана балдар) кесип үйрөнүп чыгышты. Жумуш менен камсыз болуунун көрсөткүчү 65-67% түзүп, орточо айлык акысы 15-20 миң сомго барабар болууда дешет адистер.

Темирбек кызы Айпери

Медреседен “тигүүчү” кесибин үйрөнүп чыккан студент.

«Мен бул жерде таалим-тарбия алгандан тышкары тигүүчүлүк кесипти үйрөнүп алганым абдан жакшы болду. Мен эң эле биринчи кол эмгегим катары апама көйнөк тигип берип сүйүнттүм. Мындай мүмкүнчүлүктү түзүп бергени үчүн Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасына, “АВЕП” коомдук фондуна, “Билим” окутуу борборуна чын ыкласымдан ыраазычылык билдирип кетем. Мен азыр курсту бүткөндөн кийин ишти кантип баштап кетүүнүн жолун айкын көрүп турам. Шаарга барып цех ачсам, тигүүчүлүк тармагындагы билимимди тереңдетип, технологдун окуусун да окусам деп турам. Ушул көйнөк тигүү жагын алып кетсем болот экен деп ойлоп койдум. Мени менен чогуу окуп, үйдө юбка, көйнөк тиккен кыздар азыр жумасына 6 миң сомдон таап жатышат. Эгер шаарга барып, жакшы цех таап иштесе жумасына 10-12 миң сом тапкандай реалдуу  мүмкүнчүлүк бар. Азыр базарда кездеме деген толтура. Жакшы идеяларды ойлоп, фантазияны колдонуп кооздоп, түрлөп тиксе иш жакшы жүрүшөт. Суроо-талап абдан жогору. Иштесе болот»,-дейт.