Бишкек шаарындагы эски аянтта окулган айт намазынан фото баян

Бүгүн, 5-июнда Бишкек шаарындагы эски аянтта Орозо Айт намазы окулуп, дин аалымдарынын баяндары жана насааттары айтылды. Саамалыкка Кыргыз Республикасынын Президентининин куттуктоосун жеткирүү үчүн Кыргыз республикасынын   Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Эсеналиев Досалы Акпаралиевич, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы                      Джумабеков Дастанбек Артисбекович жана Бишкек шаарынын мэри Суракматов Азиз Эмильбекович катышып, өздөрүнүн каалоо-тилектерин жана куттуктоолорун  айтышты.

Ал эми Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев шаар тургундарын жана конокторун ынтымак менен битримдикке, достук менен кайрымдуу болууга чакырып, ынтымак бар жерде ырыскы, кут бар экендигин баса белгиледи.